Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстанга барды

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 20-апрель күнү Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барышкан.

Иш сапардын алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өзүнүн өзбекстандык кесиптештери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки министрликтин кызматташтык маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба менен алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү жана башка маселелерин талкуулады.

Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги кесиптештерине ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө айтып беришти.

Андан сырткары ИИМдин делегациясы Ташкент шаарынын жана Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан