Депутат: "Арак заводу менен китеп басып чыгарган типографиясына салынган салык бирдей экен"

Депутат Айбек Осмонов китеп чыгарган типографиялардын салыгын карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Китеп чыгарган типографиялардын салыгын карап чыгууну сунуштайм. Китеп менен балдардын ой жүгүртүүсү өнүгөт. Арак заводу менен китеп басып чыгарган типографиясына салынган салык бирдей экен. Ошондуктан ушул маселени карап көрсөк, китеп чыгарууга өзгөчө көңүл буралы", - деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров сунуш эске алына турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан