
Өлкө боюнча жалпы 62 пунктта калкты коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, убактылуу эмдөө пункттары 2 шаар, 7 облуста иштеп жатат.
* Бишкек шаарында – 9;
* Ош шаарында – 2;
* Чүй облусунда – 8;
* Ысык-Көл облусунда - 7;
* Талас облусунда – 5;
* Нарын облусунда – 10;
* Жалал-Абад облусунда – 11;
* Ош облусунда – 9;
* Баткен облусунда - 4.
Коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабында илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, укук коргоочулар, билим берүү тармагынын адистери, бажы кызматкерлери жана башка кызмат адамдары вакцина алышат. Экинчи этапта 65 жаштан жогорку курактагы жана оорусу курчуп кете турган жарандар эмделсе, үчүнчү баскычта коомдун аярлуу катмарына киргендар жана каалоочулар эмделет.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине каршы эмдөө 29-мартта старт алып, бүгүнкү күндө 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү.