Акыркы суткада 1 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, бир күндө 6 медициналык кызматкер илдеттен айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 6796 учур катталды. Республика боюнча жалпы 6519 медициналык кызматкер айыкты.