Кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып, сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президенттин сунушу элдин кыжырын келтирип жатканын айтты.
"Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны жогорулатам деп араң турган элдин ачуусун келтирди. Бааны көтөргөндүн ордуна энергетика системиндеги чоң көйгөйлөрдү, чоң коррупцияны жок кылганга аракет кылса жакшы болмок. Анын сунушун эч ким колдобойт. Башка толуп жаткан көйгөйлөр аз болгонсуп, ушул сунушту айтып чыкты. Коомчулукту эки жакка бөлүп сүйлөгөнү дагы туура эмес. Кудайга шүгүр жашагандар жана кедейлер бар деп айтканы болбойт да. Президенттин бул сунушу элдин колдоосуна ээ болбой, кыжырданууну пайда кылат", - деди Токтонасыров.