Алымкадыр Бейшеналиев "иштебей койду" деп жумуштан алган орун басарын кайрадан жаңы кызматка дайындады

Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборуна директор болуп дайындалды. Маалыматты Каратаев SUPER.KG порталына тастыктады.

Картаев жалпы жамаатка бүгүн тааныштырылды. Буга чейин Каратаев саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Ал кызматтан кеткенде министр Алымкадыр Бейшеналиев "орун басарларым эс алып жатканда, мен иштеп жаттым, андай орун басарлардын кереги жок" деп айткан.

Каратаевдин айтымында, аны кызматка дайындоо буйругуна министр кол койгон. Каратаев Бейшеналиевдин жогоруда айткан сөзүнө комментарий берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, өткөн аптада саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Алардын ордуна Улук-Бек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаев дайындалганы маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2021-04-22 12:58:24
Баягы койчумандын таягы.
0
Dembele84
2021-04-22 13:26:31
Бул министр эмес эле бир жайлоодогу торпок экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан