Өлкөдө коронавирус илдетинин жаңы түрү катталды

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу COVID-19 илдетинин британиялык түрү катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новосибирск шаарындагы Вирусология жана эпидемиология илимий борборунда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдө Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун британиялык штаммы бар экендиги аныкталган. Андан сырткары өлкөдөгү бейтаптардын арасында коронавирустун индиялык, түштүк африкалык штаммдары бар.

"Ушуга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги профилактикалык чараларды так сактоону сунуш кылат: бет кап кийүү, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу, оорунун белгилери байкалса, дарыгерге кайрылуу, өз алдынча дарыланбоо", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин декабрь айынын аягында Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү (британиялык штамп) демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылганы айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан