"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дүйнө эли 2 жарым жыл ичинде аты жаман жугуштуу илдетти (коронавирусту) толук жеңип чыгарын айтты. Бул жөнүндө ал басылмаларга берген маегинде айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Менде ушундай бир сезим пайда болду - 2021-жылдын аягы 2022-жылдын башында дүйнө жүзү коронавирус пандемиясын толук жеңип чыгат", - деген Гейтс.
Ошондой эле ал эки жарым жыл ичинде дүйнө эли COVID-19ду жеңерине ишенерин белгилеп өттү.
"Жылдар өтө берет, ал эми биз мурунку жашообузга акырындык менен кайта беребиз. Бул Биринчи дүйнөлүк же Экинчи дүйнөлүк согуш эмес, бирок бардык системге чоң негатив тартуулаган жагдай", - деген ал.