Саясат таануучу Игорь Шестаков: "Электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселеси эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк". АПТАСОБОЛ

Кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып, сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселеси эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк.

"Туура 7 жыл мурун энергетика министри электр жарыгына болгон баа боюнча коомдук талкууну демилгелеген. Талкууга жарандык коомчулуктан, эксперттерден, министрликтин кызматкерлеринен турган өкүлдөр катышып, бирок бир консенсуска келе алган эмеспиз. Министрликтин өкүлдөрү бул тармактын техникалык абалын жакшыртуу үчүн тарифти кымбаттатуу керектигин айтса, эксперттер бул тармактагы коррупциянын, жоготуулардын көптүгүн айтышкан. 7 жыл арасында көп нерсе өзгөргөнү менен энергетика тармагындагы көйгөйлөр жоголгон жок. Ошондуктан бааны көтөрүү боюнча маселе эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк. Бул маселеден биз эч кайда кача алмак эмеспиз.

Бир жагынан биздин жарандарыбыздын көпчүлүгүнүн алган айлык маянасы аз. Электр энергиясынын баасы көтөрүлсө, алардын экономикалык абалы үчүн кандайдыр бир деңгээлде сокку болушу мүмкүн. Ошондуктан "байлар көбүрөөк, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азыраак төлөйт" деген сунуш канчалык деңгээлде ишке ашарын карап көрүшүбүз керек. Коомчулукта адилеттүүлүккө болгон талап өтө жогору. Эгерде чоң бизнесмендер мыйзамды айланып өтүп, жарык үчүн аз акча төлөөнүн жолдорун издеп жатканын эл байкаса, бул чоң коомдук-саясий резонанска алып келиши мүмкүн.

Буга чейинки тарыхта хан сарайларда жашаган адамдар ар кандай коррупциялык жолдорду түзүп алып, бир бөлмөлүү батирде жашаган пенсионерден да аз акча төлөп жүргөн учурларды билебиз. Эгерде өкмөт тарифти көтөрүп, бирок тең салмактуулукту сактай алса, бул реформаларда ачык-айкындык болсо коомчулук бул сунуштарды колдошу мүмкүн", - деди Шестаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан