Кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып, сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, карапайм эл үчүн бааны көтөрбөш керек.
"Энергетика тармагындагы реформалардын ичинен бириктирүү кадамы эң туура болду деп ойлойм. Мисалы мурда "Түндүк электр", "Түштүк электр" болуп өз алдынча башкарылып, бирдиктүү башкаруу болбой келген. Ошондуктан бул ишканалардын баары бир министрликке бириккени жакшы көрүнүш.
Ал эми бааны көтөрүү демилгеси боюнча айта турган болсом, бааны көтөрүүнүн ордуна "энергобарондорду" жок кылуу керек. Алар ар кандай компанияларды түзүп алышып, ортомчулук менен алектенишүүдө. Техникалык жоготуу болуп жатат деген шылтоо менен акча жеп жатышат. Мына ушуларды жок кылуу менен гана оор кырдаалдан чыгып кете алабыз. Бизнесмендер, бардар турмушта жашагандар үчүн тарифтерди көтөрсө болот, бирок карапайм эл үчүн бааны көтөрбөш керек", - деди Маматалиев.