АПТАСОБОЛ: Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

Кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып сындашкан. Бүгүн болсо энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айтты. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифти сунуштады. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Садыр Жапаров электр энергиясынын баасын көтөрбөйм деп элге убада берген эле"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун элге берген убадасын эске салды.

"Электр энергиясына болгон тарифти эки эсе көтөрүү сунушталганы менен, айлык маяналар өскөн жок, жумушсуздук күчөп жатат. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүүдө. Бул туура эмес. Бир жагынан айтсам, энергетика тармагында реформалар болушу керек. Мисалы, бизде техникалык жоготуулар 13 пайыз деп отчёт берип жатышат. Эл аралык стандарттарга ылайык, техникалык жоготуулар 5-6 гана пайызды түзөт. Демек, калган 7 пайыз электр энергиясы уурдалып жатат да.

Тарифтерди көрсөткөндө так анализ менен көрсөтүш керек. Мисалы, алар кантип тарифти санашкан? Эмне үчүн 1 сом 48 тыйын? Мүмкүн чындап эле бааны көтөрүш керек, бирок аз-аздан кошуп отуруп белгилүү бир суммага жеткирсе болмок. Мисалы, 2022-жылдан баштап тарифтерди көтөрүп баштаса жарашат эле. Азыр пандемия шартында баалар дароо эки эсе көтөрүлсө элге кыйын болуп калат.

Дагы бир нерсени эскерте кетейин, Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин коюп, үгүт иштери менен жүргөндө электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйм деп элге убада берген эле", - деди Бекешев.

РЫСПАЕВ: "Электр энергияга болгон жаңы тарифтен эл кыйналып калат"

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев электр энергияга болгон жаңы тарифтен эл кыйналып кала турганын белгиледи.

"Бул деген көп сөз. Сунуш туура эмес. Электр энергиясына болгон тарифти 1 сом 48 тыйын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйын деп айтып жатышат. Бул туура эмес тариф, кымбат. Көмүр кымбат болуп кетсе электр энергияны көпчүлүк колдонуп баштайт. Эл кыйналып калат", - дейт Рыспаев.

ШЕСТАКОВ: "Электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселеси эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк"

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселеси эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк.

"Туура 7 жыл мурун энергетика министри электр жарыгына болгон баа боюнча коомдук талкууну демилгелеген. Талкууга жарандык коомчулуктан, эксперттерден, министрликтин кызматкерлеринен турган өкүлдөр катышып, бирок бир консенсуска келе алган эмеспиз. Министрликтин өкүлдөрү бул тармактын техникалык абалын жакшыртуу үчүн тарифти кымбаттатуу керектигин айтса, эксперттер бул тармактагы коррупциянын, жоготуулардын көптүгүн айтышкан. 7 жыл арасында көп нерсе өзгөргөнү менен, энергетика тармагындагы көйгөйлөр жоголгон жок. Ошондуктан бааны көтөрүү боюнча маселе эртеби, кечпи баары бир көтөрүлмөк. Бул маселеден биз эч кайда кача алмак эмеспиз.

Бир жагынан биздин жарандарыбыздын көпчүлүгүнүн алган айлык маянасы аз. Электр энергиясынын баасы көтөрүлсө, алардын экономикалык абалы үчүн кандайдыр бир деңгээлде сокку болушу мүмкүн. Ошондуктан "байлар көбүрөөк, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азыраак төлөйт" деген сунуш канчалык деңгээлде ишке ашарын карап көрүшүбүз керек. Коомчулукта адилеттүүлүккө болгон талап өтө жогору. Эгерде чоң бизнесмендер мыйзамды айланып өтүп, жарык үчүн аз акча төлөөнүн жолдорун издеп жатканын эл байкаса, бул чоң коомдук-саясий резонанска алып келиши мүмкүн.

Буга чейинки тарыхта хан сарайларда жашаган адамдар ар кандай коррупциялык жолдорду түзүп алып, бир бөлмөлүү батирде жашаган пенсионерден да аз акча төлөп жүргөн учурларды билебиз. Эгерде өкмөт тарифти көтөрүп, бирок тең салмактуулукту сактай алса, бул реформаларда ачык-айкындык болсо коомчулук бул сунуштарды колдошу мүмкүн", - деди Шестаков.

МАМАТАЛИЕВ: "Электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнүн ордуна "энергобарондорду" жок кылуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, карапайым эл үчүн бааны көтөрбөш керек.

"Энергетика тармагындагы реформалардын ичинен бириктирүү кадамы эң туура болду деп ойлойм. Мисалы, мурда "Түндүк электр", "Түштүк электр" болуп өз алдынча башкарылып, бирдиктүү башкаруу болбой келген. Ошондуктан бул ишканалардын баары бир министрликке бириккени жакшы көрүнүш.

Ал эми бааны көтөрүү демилгеси боюнча айта турган болсом, бааны көтөрүүнүн ордуна "энергобарондорду" жок кылуу керек. Алар ар кандай компанияларды түзүп алышып, ортомчулук менен алектенишүүдө. Техникалык жоготуу болуп жатат деген шылтоо менен акча жеп жатышат. Мына ушуларды жок кылуу менен гана оор кырдаалдан чыгып кете алабыз. Бизнесмендер, бардар турмушта жашагандар үчүн тарифтерди көтөрсө болот, бирок карапайым эл үчүн бааны көтөрбөш керек", - деди Маматалиев.

АРГЫНБАЕВ: "Энергетика министри электр энергияга болгон бааны жогорулатуу боюнча маалымат жыйынды жакшы берди"

Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев энергетика министри электр энергияга болгон бааны жогорулатуу боюнча маалымат жыйынды жакшы бергенин айтты.

"Бүгүн жакшы маалымат жыйын болду. Маселени жакшы түшүндүрүп берди. Мындан башка жолу Грузияга окшоп энергетиканы талкалап салуу. Грузияда убагында он жылдап электр энергия өчүрүлүп, 5 саат, 8 саат берилип жүрдү. 10 жылдан кийин баарын жасагандан кийин эл кандай баада берсеңер баарына макулбуз деп макул болушкан", - деди ал.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Электр энергияга болгон бааны көтөрбөй, андагы чоң коррупцияны жок кылса болмок"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президенттин сунушу элдин кыжырын келтирип жатканын айтты.

"Садыр Жапаров электр энергиясына болгон бааны жогорулатам деп араң турган элдин ачуусун келтирди. Бааны көтөргөндүн ордуна энергетика системиндеги чоң көйгөйлөрдү, чоң коррупцияны жок кылганга аракет кылса жакшы болмок. Анын сунушун эч ким колдобойт. Башка толуп жаткан көйгөйлөр аз болгонсуп ушул сунушту айтып чыкты. Коомчулукту эки жакка бөлүп сүйлөгөнү дагы туура эмес. Кудайга шүгүр, жашагандар жана кедейлер бар деп айтканы болбойт да. Президенттин бул сунушу элдин колдоосуна ээ болбой кыжырланууну пайда кылат", - деди Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан