Бүгүн, 22-апрель күнү Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү.
Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана патрулдук милиция катышты.
Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга эскертүү берилди.
Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.