Түркия жакынкы убакта Орусиянын "Sputnik V" вакцинасын колдоно баштайт

Түркия жакынкы убакта Орусиянын "Sputnik V" вакцинасын колдоно баштайт. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фахреттин Кожанын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түркияда коронавируска каршы эмдөө 14-январда башталган. Учурда өлкөдө Pfizer жана Sinovac вакциналары катталган. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө сегиз миллионго жетпеген гана адам эмдөөдөн өткөн, бул калктын 10 пайызын түзөт.

"Учурда бизде эки вакцина колдонулуп, алардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы аралыкта Орусиянын "Sputnik V" вакцинасы биздин арсеналга кирет", - деп билдирген Фахреттин Кожа.

Түркияда февраль айынан бери COVID-19 илдетинин кескин көбөйгөнү байкалууда. Мындан улам 23-апрелден тарта үч күнгө коменданттык саат киргизилген .
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан