Коңшу Казакстанда бүгүнкү күнгө карата коронавируска кабылгандардын саны 11 миң 308ге жетти. Анын ичинен 5 миң 404 бейтап илдеттен арылса, 41 жаран каза болду.
Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, сутка ичинде 450 кишиден вирус аныкталса, 3 адам каза болгон.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабай Нур-Султан шаарында коомдук транспорттордун баары ишке киришет. Анда шаардын четиндеги аймактарга коомдук транспорттордун каттамына уруксат берилери кабарланат.