Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун жубайы каза болду. Бул тууралуу маалыматты актёрдун сахналаш кесиптештери ырасташты.
Маалым болгондой, Кадыр мырзанын жубайы Каныкей Саматова 22-апрелде көз жумду. Анын тажиясы бүгүн, 23-апрелде өтөт.
Кадыр Жарматов менен жубайы 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышкан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кадыр Жарматовдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.