Кыргызстан орто эсеп менен той-ашка жылына 2 миллиард доллар коротот. Калкынын 38 пайызы жакыр жашаган мамлекет үчүн бул жакшы көрүнүш эмес. (Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда калктын 38 пайызы жакыр экенин жарыялады). Той-аштардагы ысырапкорчулукту токтотуу маселеси буга чейин парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн. Айрым токтомдор кабыл алынганы менен, олуттуу жыйынтык чыгып, абал кескин оңолуп кеткен жери жок. Баягы эле бойдон уланууда. Чет өлкөдө бир нече жыл иштеп, таап келген акчасын Кыргызстанда 2 күн той берип чачып, анан колун бош чөнтөккө салып отуруп калган замандаштарды көрүп эле жүрөбүз. Акыркы күндөрү бул маселени элет жеринде жашаган карапайым калк өзү көтөрүп чыгып, айрым терс жосундар токтоп жатат. Аксынын Кара-Суу айылында өлүм-житим болгон жерге аялдардын кошумча (кийит) көтөрүп баруусуна тыюу салынган. Бирок бул нерсе массалык түрдө жайыла элек. Айыл жергесинде жашагандар каада-салтта жок терс көрүнүштөрдү токтотууга мамлекет кийлигишип, атайын мыйзам кабыл алуу зарыл экенин айтышууда. Бул көйгөйдү мыйзам аркылуу чечсе болобу? Айрым адамдардын пикирин угуп көрдүк.
Кыргызстанда той-ашка кеткен чыгымдарды мыйзам аркылуу чектөө натыйжа береби?
Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты:
- Мындай терс көрүнүш эл арасында калыптанып калды. Ашыкча ысырапкорчулук кылуу мусулманчылыкка туура келбейт, бирок муну мыйзам аркылуу жок кылабыз деген да туура эмес. Адамдар ыйманга келсе ысырапкорчулук өзүнөн өзү жоголот. Мухаммед пайгамбардын хадистерин туу катары тутсак бул жосун токтойт. Антпесек муну 100 жыл аракет кылсак да токтотуш кыйын. Кыргызда макал бар: “Бай байга жетем дейт, бай Кудайга жетем дейт” деген. Адамдар куру намыска алдырып бири-бирине атаандашуу менен ашыкча чыгым кылып жатышат. Эл арасындагы “мен тигиден кем калбашым керек” деген көз карашты өзгөртүүгө аракет кылайын деп Оштун Кара-Суу районунда апамдын экилиги, үчтүгү, бейшембилиги, кырктыгы деген нерселерди өткөргөн жокмун. Туугандар чогулуп өзүбүзчө эскерип койдук апабызды. Бизден кийин эл бир-эки ай бизди туурап, бирок кийин кайра башталыптыр. Элдин ыймандан алыстаганы буга жол ачууда.
Мейманбек Абдылдаев, экономист:
- Кыргыздын канына сиңип калган бул адатты мыйзам менен тыя албайбыз. Ал тургай той-аштардагы чыгымдарга мыйзам менен чек коюу экономикалык жактан туура эмес. Бул маселени жакшылап иликтеп чыгуу зарыл. Тажикстанды мисал кылып "булар чыгымдарга чек койду эле, жашоосу оңолуп баштады" деген жаңылыштык. Ал өлкөдө экономикалык жылыш башкада: завод-фабрикалар курулуп, инвестиция тартылууда. Мигранттардан которулган акча биздегиден эки эсе көп. Үй-бүлөлүк жеке чыгымды эч бир мыйзам тыя албайт. Адам жеке акчасын коротуп жатса ага эмне үчүн мамлекет кийлигишет? Бул адамдардын эркиндигин чектөө. Мисалы, мен балдарым үчүн көп акча коротсом бул менин жеке ишим да.
Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:
- Той-аштар кыргыздын илгерки салты да. Менимче, мындай жөрөлгөлөрдө ичимдиктерди азайтып, тойлордун мазмунун өзгөртүү керек. Тойго кечки саат 6да барып 12ге чейин отуруу маданиятын өзгөрткөн оң. Улам-улам тост сүйлөп отурбай маанилүү, турмуш сырлары жөнүндө сөз болсо. Чыгымдардын баары өз ыктыяры менен болуп жаткандыктан муну мыйзам менен тыюу мүмкүн эмес. Интеллигенттүү адамдар мазмундук жакты эске алып, башкаларга үлгү болчудай той өткөрүп башташы керек. Азыр бай-кедей деген нерсе жок, катардагы мугалимдер деле дүңгүрөгөн той өткөрүп жатышат.
Динара Акулова, ырчы:
- Мыйзам менен чек коюуга мүмкүн эмес. Мисалы, мен канча жылдан бери иштеп акча чогултсам, эмне үчүн ата-энеме өзүм каалагандай той бере албайм? Кантип ата-энемден бир нерсе аяйм? Балдарыма той берем деп күтүп, чоңойтуп жаткандан кийин, мүмкүнчүлүгүм болуп турса эмне үчүн той жасабашым керек? Той-ашта чыгымды ар ким ар кандай коротот. Башкалар боюнча билбейм. Мисалы, ашка жылкы союу боюнча: эмне, батага келген эл ачка калыш керекпи? Жок, ошондуктан колунан келсе жылкы союп элден бата алсын. Туугандары көп болсо жардамдашат. Ар ким өзүнүн алына жараша аш-той берсин.
Каныбек Осмоналиев, ЖКнын депутаты:
- “Адам тапканы менен байыбайт, сарамжалдуу жашаганы менен байыйт" деген жакшы сөз бар. Кыргыз эли акыркы 10-15 жылдан бери ашыкча ысырапкорчулук жасашууда. Учурда той-аш берүү адамдын коомдогу ордун даңазалай турган көрүнүшкө айланды. Ресторан, кафе ээлери бизнес кылышууда. Кафелер той-ашта ойноп күлүү менен чектелбей, каада-салтты даңазалаган жер болушу керек. Мамлекеттин, өкмөттүн мыйзам аркылуу терс көрүнүштү токтотуп, чыгымдарды азайтуусу колго алынбай жатат. Бир убакыт келип, чыгымдарга чектөө киргизе турган мыйзам кабыл алынарына ишенем. Азыр кафе-ресторандардын ээлери карызга той берүүгө мүмкүндүк берип, үгүттөө иштерин да жүргүзүүдө. Тажикстанда той-аштарды өткөрүүнүн эрежеси боюнча мыйзам кабыл алынганына 5 жыл болду. Элдин сарамжалдуулугунан жашоосу жакшы жакка өзгөрүүдө.
Элмара Турсуналиева, тамада:
- Мыйзам боюнча бул нерсеге тыюу салуудан жыйынтык чыкпайт. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башка жол жок. Атаандаштык деген нерсе адамдын жеке өзүнө байланыштуу сапат да. Кээ бир адамдар алына жараша той же аш берип, эч кимге атаандашпай эле коюшат. Ашыкча чыгымдарга жаран катары мен деле терс көз караштамын. Азыр банк аркылуу документ түзүп, карызга той өткөрүп жаткандар болууда. Тойду курсагы ток киши берет. Өзү, үй-бүлөсү тойгондон кийин элге капчыгындагысын чачса жарашат. Карызга акча алып той берүү - эң уят нерсе.