Жансыз денеси тикендин арасынан табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмү: "Экспертизанын жыйынтыгы коомчулукка айтылбайт" дейт Баткен ОИИБи

Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнө жасалган соттук-экспертизанын жыйынтыгы 16-мартта чыккан. Экспертиза ал киши колдуу болуп каза болгон жок деп чыгарган.

Андан кийин Баткен ОИИБинин маалымат кызматы ал суука тоңуп каза болушу мүмкүн деген маалыматты айткан.

Бүгүн, 23-апрелде кайрадан маалымат кызматка байланышып, экспертизанын толук корутундусу менен тааныштырууну, андан бери болгон иштин жыйынтыгын сурадык.

"Биз корутундуну толук айта албайбыз. Бул жаатта биздин укук чектелген. Аны кызыкдар тарап, мисалы ошол аялдын кыздары же туугандары силерге айтып бере алышы мүмкүн. Азыр деле биздин жыйынтык боюнча ал суукка тоңуп каза болушу мүмкүн", - деп билдирди маалымат катчы Дамира Юсупова.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.

25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экспертиза дайындалганын маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2021-04-23 11:28:30
Табышмактуу олум, корутундуга ишенбейим.
+5
33SUUN
2021-04-23 12:06:16
Демек намыстын курмандыгы болуптур.
+6
nazira...
2021-04-23 18:44:11
Айтпагыдай ошончолук кандай өлүм экен. Бвлдары не деп айтып берет эле, силер не деп чыгарсанар ошону айтат да, кызык. Эмне шайтан азгырып өлтүрүптүрбү анда, тооба.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан