"Тёплые ключи" санаториясында скотчтолуп, асылган абалда табылган баланын атасы: "Жыйынтык жок, тергөөнү күтүп коюп отурам"

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу "Тёплые ключи" санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган маркумга дагы бир экспертиза дайындалган. Бирок анын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуянын болгонуна 5 айдын жүзү болду, бирок эч кандай так маалымат укук коргоо органдары тарабынан бериле элек.

Ал эми маркум баланын атасына байланышканыбызда, эч кандай жыйынтык жок экенин, тергөөнү күтүп гана отурганын айтты.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу аталган жерге барып, колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Бул факты 130-берене ("адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

SUPER.KG порталы маркум бала туулуп өскөн Кочкор районуна барып, ата-энесинен окуя тууралуу маалымат алган.

Кийин маркум баланын атасы Өмүрбек Жумабаев соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы суицид деп чыкты деп билдирген. Ал эми бул маалыматты ИИМ четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан