"Бут кийимдери кан". Лейлек районунун эки тургунун Тажикстандын жоокерлери уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео тарады

Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тарады.

"Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түндө чатырында уктап жаткан жеринен келип токмоктоп, Тажикстанга алып кирип кеткен. Эмне болуп жатат ал жагын бир Аллах билет!", - деп жазды видеону жүктөгөн жаран.

Бул тууралуу азырынча чек ара кызматына байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Лейлек районунун эки тургунун Тажикстан солдаттары алып кеткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aibek_eka
2021-04-24 10:43:27
Ташиев Лейлекке барып маселени чеч чечалбасан элге курал бер эл озу чечип алат
+12
Ozgocho111
2021-04-24 11:04:59
Байкуш эне.. карапайым элге эле кыйын болду.
+10
nazira...
2021-04-24 11:14:59
Тажиктер өзү адам падам эмес да. Рахмат ушулар менен чектеш жашаган баткендиктерге. Бир айласын таап ушулар киргис кылып чечип берсе жакшы болот эле. Акмактар кантип чек арадан өтүп басып киришет бутуң сынгырлар, тем.боле пограничниктери.
+18
Mr.altynbek
2021-04-24 11:24:41
Кемпир абадты бергендей Лейлекти берип чечем дебесе болду ташизм
+11
Kuban-1207
2021-04-24 11:42:31
Меенет кетпейт бечелден дегендей болуптур
+5
shirinai
2021-04-24 12:43:36
Эки бала жоголгон, тажиктер алып кетти деген бул жөн гана божомол. Бирок алардан баарын күтүүгө болот. Эсен аман табылсын деп отурабыз. Биз чек арада жашагандарга өтө эле кыйын болду
-1
Kadyrova_
2021-04-24 12:56:23
Мен ойлойм мамлекет бул бир чоон уй булоо деп элестетем.бир уй булоонун атасы бош же болбосо груба айтканда лох болсо ошол уй булоонун катын бала чакасына арким келип тийишип кордой берет эгер уй булоонун атасы кучтуу чыйрак табарман болсо анда ал уй булоого эчким тийе албайт.кыргызстандын атасы кучтуу болбой жатпайбы.огой атадай мамиле кылып атат кимиси келседа.колдорунан келбесе рассяга автоном болуп кошуп таштагыла орустар бир кундо тартипке келтирет.итак эле орустар багып жатат кыргызстанды.
+3
Akujan1408
2021-04-24 14:28:40
Менда Озбекстан менен чектеш аймакта жашайм,ортодо канал болуп турат.Озбекстан тарапта чек арачылар турат коргоп,биз тарапта эчким жок чек арачылар дан.Чек арага солдаттарды коюш керек болбосо кудай сактасын.
+2
Ulan899
2021-04-24 16:03:27
Ташиев Лейлекке келип чек араны чечпей эле,Сулукту шахталарын 35000$сындырып кеткен.Ак уйдун заборун ашчу адамдын колунан чек ара чечмей келмек беле.Дагын жакшы бизди Кемпир Абаддай кылып Тажикстанга алмашып жибербеди.
+3
Basr87
2021-04-24 16:13:19
Аа жакшы экен эми башка душмандар кирип козунорчо апанарды зордойт намыссыздар. Себеби сабатсыз, жондомсуз, акчадан башканы билбеген бизнесмен, заправшиктерди озунор бийликке алып келдинер. Акча берет жерди суусу мн сатат кобуроок акча берсе элин кошо сатат. Элине жараша башчы дейт озубуз тандадык Аллах акылынды иштетпесен мынантип жазалайм деп ###### жатса керек Кыргыздарды!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан