Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган.
Ал эми SUPER.KG порталы жоголгон балдардын биринин апасы Махабат Аширапова менен байланышканыбызда, баласынан дагы деле дайын жок болуп жатканын айтты.
"Жоголгон балдардын бири менин балам, экинчиси эжемдин небереси. Алар 2000 жана 2002-жылы төрөлгөн. Алар жаткан чатырда кандын издери гана калып, өздөрү ушул кезге чейин дайынсыз болуп жатышат. Азыркы учурда элдер чогулду. Жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери келип, издеп жатышат", - деди уулун жоготуп жаткан эне.