Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган. Дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин энеси Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарынын жоголушу боюнча билдирген.
Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө дайынсыз болуп жаткан эки бала курулуш жүрүп жаткан жердин курулуш материалдарын кайтармак.
"2021-жылдын апрель айынын башынан бери Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын түштүк тарабында тигүү цехи салынып жаткан. Бул аймак Тажик Республикасынын Б.Гафуров районуна жакын жайгашкан.
Лейлек районунун Эски-Оочу айылынын тургундары 2002-жылы туулган Ашрапов Дастан Абибиллаевич жана 2000-жылы туулган Каныбек уулу Кубатбек курулуш иштерин жүргүзүп, 2021-жылдын 23-апрель күнү саат 22:00 чамасында курулуш материалдарын коруп жатуу максатында курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн. 2021-жылдын 24-апрель күнү эртең мененки тамактанууга Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбек үйлөрүнө барган эмес.
Бул факты Лейлек РИИБинин материалдардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Дайынсыз жоголгон эки жаран боюнча багыттамалар түзүлүп, издөө иштери уланууда", - деп билдирди Баткен ОИИБи.