Баткенде Тажикстан менен болгон чек арада дайынсыз болуп жаткан эки уланды Тажикстан тарапка алып кетишкен. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин апасы Махабат Ашрапова билдирди.
"Биздин балдарыбызды Тажикстанга алып кетишиптир. Учурда чогулган эл менен аким сүйлөшүү жүргүзүп жатат", - деди Ашрапова.
Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган. Дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин энеси Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарынын жоголушу боюнча билдирген.