Бүгүн таңда аялдын "Эки балам түнү дайынсыз жоголду, аларды Тажикстандын жоокерлери алып кетиши мүмкүн" деген видеосу социалдык тармактарга тараган. Кийинчерээк ал балдардын биринин апасы Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарды Тажикстан тарапка алып кетишкени белгилүү болгонун билдирген.
Бүгүн кечинде "Тажикстан тарапка алып кетилген жигиттер кайтып келди, бирок алар сабалган абалда" деген видео тарады. Видеодон көрүнгөндөй, жигиттердин биринин көзү шишип, денелеринде көгөргөн тактар бар, экинчиси колундагы жана моюнундагы жиптин издерин көрсөткөн.
Биз кайрадан Махабат Ашраповага байланышканыбызда ал балдар кайтып келди деп маалыматты тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
"Менин баламдын колдорун, моюнун байлашыптыр, издери турат. Бөйрөк, башына дагы тепкилешкен, жанындагы баланы дагы сабашкан. Түнү уктап жатышкан жеринен эле күтүүсүз кирип келишиптир, алар кепеде уктап жатышкан. Ошол кепенин ичинде мушташ болуп анан биздин балдар сыртка качып чыгышса дагы 3 бала туруптур, ошентип экөөнү бешөө сабаптыр, ошондо бут кийимдеринин баары кан болуптур. Алар тажик тараптын жөнөкөй жарандары эмес, жоокерлери болушу мүмкүн деп айтып жатышат балдарыбыз. Беттерин жаап алышкан экен. Анан экөөнү алып кетишиптир, ал жактан дагы сабашкан.
Балам азыр үйдө, денесинде тактар турат, башы шишиген, ооруканага алып барсак жаткырбай коюшту. Тажик жоокерлери алып барып тынчтандыруучу дары сайышты дешти, ошону дагы айттык ооруканадагыларга. Бирок дүйшөмбү күнү келгиле деп кетирип жиберишти. Балдарыбызга силердин бөйрөктөрүңөрдү алыш керек деп бөйрөгүнө тепкилешиптир.
Бирок, эртең эми мага ишенбей чыгышат, себеби мамлекеттик кызматкерлер өздөрү муну жаап-жашырууга аракет кылышат. Кайрадан мени провокация кылып жатат, бул чагымчыл аял деп жарыялашат болуш керек. Мындай абалда кантип биз тынч уктайбыз?", - деди Ашрапова.
Баткен ОИИБдин маалыматына ылайык, жигиттер курулуш жүрүп жаткан жердин курулуш материалдарын кайтарып жатышкан.