Кыргыз тасмасы "Шамбала" "Ника" кино академиясынын сыйлыгын алды

Буга чейин Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына көрсөтүлө турганы маалым болгон. Аталган тасма сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сыйлыкты тапшыруу салтанаты Москвада 25-апрелде болуп өттү.

Анда "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн эң мыкты тасмасы" катары кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" жана грузиялык Дито Цинцадзенин "Дем алуу" көркөм тасмалары табылды.

Белгилей кетсек, "Шамбала" 2020-жылы тартылып, фильмдин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде жазылган.

"Ника" киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү - Юлий Гусман болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан