Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик чоку - Эвересттин негизги лагеринде Кыргыз өлкөсүнүн желеги жана ак калпагы менен сүрөткө түшүп, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Маалыматка ылайык, альпинист учурда 5 миң 364 метр бийиктикке көтөрүлгөн.
Эскерте кетсек, Кубатов эл аралык экспедициянын курамында дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестке чыгууну пландаган (8 миң 848 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталган, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланат. Экспедициянын курамына Орусия Федерациясынын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.