Бүгүн, 26-апрелде активист Тилекмат Куренов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту тарабынан аталган активисте карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон.
Буга чейин Башкы прокуратура Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карай турганын Жогорку Кеңештин жыйынында көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев билдирген болчу.