Жети-Өгүзгө бара жаткан жубайлар жол кырсыгынан каза болду
Кырсык, 2021-жылдын 14-январь күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон. Анда эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен эки адам каза болуп, бир адам жаракат алганы кабарланган.
Ысык-Көл облусуна бара жаткан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, Мерседес унаасы менен сүзүшкөн. Белгилүү болгондой, каза болгон эки жаран аялы-күйөөсү болгон. Анда 35 жана 34 жаштагы жубайлар Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна бара жатышкан.
Ырчы Анжелика кабылган жол кырсыгы
23-январда ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана кыздары жаракат алган. Кырсык Балыкчы-Ананьево унаа жолунда катталган.
Белгилүү болгондой, унаада ырчы кыздары жана курбусу менен бара жаткан. Рулда ырчынын курбусу болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ырчы жана анын 5 жаштагы кызы жаракат алып, Түп райондук ооруканасына жеткирилген.
24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган. Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. 10-февралда ооруканадан үйүнө чыгарылган ырчы 2 ай балдак менен жүрүп, учурда абалы жакшы.
"Тазалыктын" жумушчусун атайын жарык чагылдыруучу кийимдерди кийип турганына карабай сүзүп кеткен
Ушул жылдын 24-февраль күнү Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 37 жаштагы жумушчусун унаа сүзүп кеткен. Ошол күнү таң атпай болжол менен саат 06:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Каралаев көчөсүнөн түштүк тарапка бара жаткан жолдо 1983-жылы туулган аялды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаран денесинен жаракат алып, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалган.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын Мадина Токобаева аттуу жумушчусу апасы Жылдыз Орозалиева менен бирге Каралаев жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү жолду шыпырып жатышкан. Эки кызматкер тең атайын чагылдыруучу кийимдерди кийип турганына карабастан, катуу ылдамдыкта келе жаткан кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен.
КамАЗ менен Баткенге концерт койгону бара жатып каза болгон ырчы
29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгону кабарланган. Кийинчерээк бул жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн аял каза болгондугу белгилүү болгон. Ырчы айым Нурзат Ажыгожоеванын артында 3 баласы жана жолдошу калды.
Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Белгилүү болгондой, аталган кырсыктан ырчы Нурчолпон, кыл кыякчы Залина Касымова, ырчы Бурулча Турарбек кызы, ошондой эле "Сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу Талант Карагулов да болгон.
"Өзүм Бишкекте жашайм, 3 балам бар. Кырсык болуп, күтүлбөгөн жерден унаалар токтотуучу жайга жетпей күйүп кетти", - деген ал.
Кудум тасмадагыдай. Велосипедчен адамды жөө өтмөктөн учура сүзгөн видео
Буга чейин Бишкекте велосипедчен адамды жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн учура сүзгөн видео жарыяланган. 19-апрель күнү Хонда Одиссей унаасы Түштүк магистраль көчөсү менен чыгышка карай бара жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz унаасын сүзгөн. Андан кийин Одиссей магистраль көчөсү менен батыш тарапка бара жатып, велосипедчен адамды сүзгөн. Жол кырсыгынан 1 киши жабыркап ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.