Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин 6 медицина кызматкери жуктуруп алды.
Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусунда - 1.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирген маалыматта бир суткада стационардан 5, үй карантинден 4 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 411 кызматкеринен аныкталса, 4 миң 326сы айыкты.