SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев болду.
Анда ага "Ашкана болбосо революция болот беле?" деген суроо берилди.
Жапыкеев: "Болмок эмес го дейм. Ал үчүн бирөө керек эле да", - дейт.
"Өзүңүз өлкө башчылыкка барып калышыңыз мүмкүн беле?" деген суроо берилди.
Жапыкеев: "Мен андай максат койгон жокмун. Андай ой болсо "көк үйдү" Садыр Жапаровго бербей коймокпуз. Ал жакты Максат Мамытканов карап турган. Баарысы эле өлкө башчы болом дейт. Кичинекей балдар дагы президент болом дейт. Президент болуу оюнчук эмес", - дейт.