27-апрелден 28-апрелге караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык беттеши өттү.
Анда Испаниянын "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө Англиянын "Челси" клубун кабыл алды.
Беттештин 14-мүнөтүндө Кристиан Пулишич гол жаратып эсеп санын ачса, 29-мүнөттө Карим Бензема эсеп санын теңдеп, эсепти 1:1ге айлантты. Беттеш дал ушундай эсеп менен жыйынтыкталды. Командалардын жооптук беттеши 6-майда Лондон шаарында өтөт.
Жарым финалдын алкагындагы экинчи жуп "ПСЖ"-"Манчестер Сити" беттеши 29-апрелге караган түнү Париж шаарында орун алса, жооптук беттеш 5-майда өтөт.