Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Аалы Карашев палатанын жыйынына өкмөт башчыларынын орун басарлары келгендигин белгиледи.
Ал биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдон министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламентте берген убадаларын аткара алабы деп сурады.
Новиков 2021-жылга карата иш-аракеттер планы бар деп жооп берди. Бул премьер-министрдин колунда.
“Бул өкмөттүн күнүмдүк милдети - калктын көйгөйлөрүн чечүү, баалардын абалын турукташтырууну камсыз кылуу жана башка тармактар. Иш сапарлар көп болуп жатат. Жетекчилер иш сапары менен жүрүшөт. Ошондуктан бүгүн сиздерге маалыматты биз берип жатабыз”, - деди Артём Новиков.
Аалы Карашев баа саясаты премьер-министрдин дагы, биринчи вице-премьердин дагы көзөмөлүндө болушу керектигин айтты.