ЭЛДИК КАБАР: "Ноокат-Кызыл-Кыя жолундагы көпүрө түшүп кетип, жолдор начар" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Ноокат-Кызыл-Кыя жолундагы көпүрө түшүп кеткендигин, жолдордун начардыгын айтып кайрылды.

"Ноокат-Кызыл-Кыя жолундагы Тажик-Кыштак айылында чектештирген көпүрө түшүп кеткен. Менде сүрөттөрү жок. Ушул боюнча Ноокат-Кызыл-Кыя жолу 3 жыл алдын пландалган экен. Эмнеге карашпайт, мына эми көпүрө түшүп кетип, объездной жолду Кызыл-Тейитке салдырып жатышат экен. Түнү менен уйку жок шагырап.

Эртең менен окуучулар, жаш балдар КамАЗдарга чуркашып, ар нерсе болуп жатышат. Кызыл-Тейиттин башы бир эле асфальт болгон, аны да чөктүрүп салышыптыр. Жеңил унааларды Жаңы-Ноокат жакка салдырып жатышат, ал жактын жолу Кызыл-Тейит айылынан дагы начар. Ким жооп берет, ким карайт? Андан сырткары трасса жол түрүлүп өңгүл-дөңгүл болуп кеткен. Канча убакытта карап беришет?", - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rachki
2021-04-28 21:24:18
Оа, Кызыл - Кыядан Ошко жеткиче ашказанын оодарылып, мээн чайпалып калайын дейт. Жолдун абалы аябай начар.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан