Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
"Тажик аскерлери Головной суу алуучу жайында жайгашкан электр жарыгы бар устундарга эки байкоо камераларын орнотушкан. Мындан улам эки өлкө жарандарынын ортосунда нааразычылык жаралып, таш ыргытуу болду", - деп билдирди жергиликтүү тургун.
Головной суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башында жайгашкан.