Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 6:00дөр чамасында Тажик тарап ок чыгарган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун кабарлады.
Маалыматка ылайык, чек арага жакын Көк-Таш айылында атышуу дагы да болсо уланып жатат. Мындан улам 60ка жакын балдар, энелер окуядан кооптонуп айылдан чыгууга аракет кылышууда.
Атышуунун кесепетинен бир жарандын абалы оор экени айтылып жатат. Ал эми окуядан улам Тажик тарап жолун жапкан.
Эске салсак, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.
"Тажик аскерлери Головной суу алуучу жайында жайгашкан электр жарыгы бар устундарга эки байкоо камераларын орнотушкан. Мындан улам эки өлкө жарандарынын ортосунда нааразычылык жаралып, таш ыргытуу болду", - деп билдирген чыр тууралуу жергиликтүү тургун.
Головной суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башында жайгашкан.