Биз социалдык тармакта

Чек ара чыры: Баткендеги эки айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чыр-чатак орун алган аймактын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Окуядан жалпы төрт жаран жаракат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жаракат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek.94
2021-04-29 11:13:35
Аллах сактасын, Маруфхан Тулаев Кыргызбы
0
Shabi
2021-04-29 11:26:22
Кече куну,бир киши ташиев менен садыр болбосо кыргыздын шору,алар болбосо Кыргызстан жоголуп кетет,экоо болбосо эле бутту олобуз деп микрафондон кыйкырып жатканын коруп ушунчалык тан калдым,ушунчалык фанат болуп ушунчалык жалайбы деп.кана Эми ошол ишенген кожонор,ызы чуу баштагандан бери, бир жолу элге чыгып койдубу,Бир жолу элдин ахывалын сурап койдубу?Баткендик туугандар бийлик жактан бироо келип,абалыбызды сурап койгон жок деп кутуп жатат.кана баатырга тенеген Ташиевинер
+2
amirrus
2021-04-29 15:41:10
Бийликтегилер ,депутаттар каерде бекинип жатасынар деминер чыкбай калды го шакалдар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан