Төрт-Күл суу сактагычы боюнча Мариповдун жаңылып айтып алган сөзү талкууда

Бүгүн, 29-апрелде өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу митинг өткөрүп жатышат. Алар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Күл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова менен байланышканыбызда кайрадан телефон чаларын айтып, колу тийбей жатканын билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда Төрт-Күл суу сактагычынын каналдын башы өтүп кеткенин айткан.

"Төрт-Күл суу сактагычына келген каналдын башын дагы, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар", - деген ал.

Мындан улам Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

"Кечээ Улукбек Марипов өз программасы менен тааныштырып жатып бир кызык фактыны айтып алды. Ал Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычы жөнүндө маселе. Бул суу сактагычынын стратегиялык мааниси зор. Эгер биз премьер-министрдин сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак жагына айланат. Дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", - деди ал.

Бул маселе коомчулуктун сынына кабылып, мындан соң ошол кездеги өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Төрт-Күл каналы Кыргыз мамлекетине тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт деген пикирин билдирген.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрт-Күл каналы боюнча суроо узатышкан. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрт-Күл суу сактагычына келген Төрт-Күл каналы толугу менен Кыргыз өлкөсүнө тийиштүү экенин айткан.

"19 чакырым болгон канал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан башталып, Төрт-Күл суу сактагычына чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү объект болгондуктан күнү-түнү Кыргыз өлкөсүнүн ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул объект башка мамлекеттин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт", - деген ал.
Марипов дагы бул сөзү боюнча түшүндүрмө берген.
"Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында социалдык тармакта көтөрүлүп жаткан Баткен облусундагы маселе боюнча кыскача токтолуп кетейин. Мен анда өкмөт башчыга талапкер, Кыргыз өлкөсүнүн патриоту катары бир маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашагандар абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы Кайырма каналы, суу кампадан 500-600 метр жогору турган, кошуна өлкөгө тиешелүү канал, андан сырткары Ак-Суу каналы жөнүндө сөз болгон. Кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөм. Менин оюмча, биз ушул маселени келечекте өлкөнүн кызыкчылыгына чечиле тургандай мыйзамдуу жол менен карашыбыз керек", - деген Марипов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан