УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатат. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ, 28-апрель күнү эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учтум.
Ооруканага жетпей кайттым, түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилейм, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалымдалган.