Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Коопсуздук кеңештин жыйынына ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев катышууда.
Жыйын чек арадагы чыр боюнча өтүп жатат. Чек ара чыры боюнча дале үн ката элек.
Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.