"Атышуу токтой элек". Чек арадагы чырдан жабыркагандардын саны 17ге жетти

Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 Кыргыз жараны жараат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, бүгүн 29-апрелде эртең менен саат 04:40 чамасында алар Кыргыз жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан. Ошондой эле аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан Кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Андан соң саат 14:00дө Тажикстандын ИИМинин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) Головной суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан