Бүгүн, 29-апрелде кыргыз аскерлери Тажикстандын аймагындагы заставаны алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар кабарлашты.
"Атайын даярдалган "Бөрү" аттуу спецназ Тажикстандын заставасын штурм менен алды", - деп билдирди жергиликтүү тургун.
Жергиликтүү тургундун айтымында, алынган застава Тажикстандын аймагында жайгашкан. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынан бул маалыматты такташты.
"Миномёттон аткылоонун натыйжасында, Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара заставасынын имараты күйүп кеткен.
"Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргыз өлкөсүнүн УКМКсынын "Бөрү" атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын "Ходжа Аълло" чек ара заставасын басып кирди", - деп айтылат Чек ара кызматынын тараткан маалыматында.