Чек арадагы абал боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүү жүрдү. Анда эки тараптуу ок атышууну токтотуу боюнча макулдашылган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин чыр-чатакка байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Анда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен чечүү зарылдыгын белгилешкен.


"Министр Казакбаев белгилегендей, кыргыз тарап бөтөн аймактарды талап кылбайт жана өз жерин эч ким менен бөлүшүү ниетинде эмес. Бул контекстте ал чек ара жана экономикалык маселелердин бардыгы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүү столунда чечилиши керектигин баса белгиледи. Эки мамлекеттин ортосунда, айрыкча чек ара аймагында ишенимди бекемдөө, чек ара аймактарындагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, жергиликтүү калктын ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай иш-аракеттерди басуу маанилүү экендигин белгиледи.


Эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, саат 20:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашылды.
Ошондой эле жакынкы бир нече сааттын ичинде тараптардын жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда укук коргоо жана коопсуздук органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү макулдашылды.


Мындан аркы иш-чаралар катарында тараптар эки өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде (облустук, райондук жана айылдык деңгээлде) калк менен биргеликте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чек ара кызматтарынын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен топторду уюштуруу жөнүндө макулдашты. Чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөө боюнча аймактык структуралардын деңгээлиндеги укук коргоо органдары, ошондой эле учурдагы маселелерди тез арада чечүү үчүн тышкы иштер органдарынын жана жеке өз ара министрлердин ортосунда түздөн-түз байланышты камсыз кылуу айтылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aslonur
2021-04-29 21:30:44
Андай кылбагыла айланайындар, кыргызга ким күйөт өзү, каза болгон ок жеген жарандардын абалын ким түшүнөт
+5
JaneEr
2021-04-29 21:39:45
Жомок.Кайра эле эртен чыр.Жертва баягы эле карапайым жигиттер.Качан уверенный болуп жашайт элдер?
+2
Aman97kg
2021-04-29 21:43:46
Жалган биз жакта ок атышуу болуп жатат
+1
Sheikh-9
2021-04-29 22:07:48
Туну кайра эле чыгышат тажик тарап
+1
akmanai
2021-04-29 22:16:16
Ниетибизди ондойлу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан