Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетти. Тилекке каршы, 13 адам каза болду. Мындай маалымат саат 7:50гө карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"Жаракат алгандардын 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.