Бүгүн, 30-апрелге карата Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруксуз бойдон калууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова менен байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, милиция кызматкерлери азыркы тапта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, түнү менен октун үнү токтогон эмес. Баткендин Лейлек районундагы бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөн. Айрыкча атышуулар Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында болгон.
"Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында Кыргыз жарандарынын үйлөрү өрттөлдү. Бул жактагы жергиликтүү жашоочулар Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун, Дархун, Даргас айылдарына жайгаштырылды",- дешти облустук милициядан.
Эске салсак, эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү менен Кыргыз-Тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында саат 20.00гө карата ок атуу толугу менен токтотулуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынган. Бирок ага карабай ок атышуулар токтобой, жаңжал ырбап кеткен.