Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын башчысы барымтага алынды

Баткендин Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын башчысы барымтага алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажик Республикасынын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон аскер техникалары айылды аралап жүрөт.

Интернационал айылынын Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон Жилой дом участкасындагы Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон турак-үйлөргө Тажик Республикасынын аскер кызматкерлери кирип алган.

Ошол участкага жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айыл башчысы барган учурда Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.

Бул факты боюнча Лейлек РИИБи иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Urmat78
2021-04-30 11:06:28
Айылда аралап журсо приказ беришсе биздин солдаттар кууп чыгышатго.
+7
Dembele84
2021-04-30 11:06:31
Соттоп иш жургузуп эмне кыласынар?Айдап чыгыш керек!
+7
emirchik
2021-04-30 11:17:41
Басып алган деп жазгыла ачык эле Садыр жапаров отурат суйлошуу жолу менен чечебиздеп суу журок коркок
+7
portugalia
2021-04-30 11:42:44
emirchik,Дипломатиялык суйлошуулор менен чечилсе жакшы да.Согуш болсо кыргын болот канча кан тогулот.Бейкуноо,карапайым эл эле кыйналат.
0
SHahabidin-jabborov
2021-04-30 12:58:11
portugalia,100 % тура
-1
Nina.alex
2021-04-30 11:30:08
Элди кырып атса,сотко чейинки иш ондуруш деп былжырап отурасынарбы
+3
Jigit25
2021-04-30 11:39:48
Кетсин анда Курсан барсын
+2
Shabi
2021-04-30 11:42:42
Даана концертсинер го,тажиктер техникалары менен кыргыз айылды аралап журсо.айыл башчыны кармап алса.Силер сотко чейинки ондуруш деп олтурасынарбы.кууп чыкканга дух жетпей жатабы эмне.
+3
SHahabidin-jabborov
2021-04-30 12:59:16
Shabi,чек арада жашасын билесин согуш дегенин
-1
abdykapar
2021-04-30 15:24:18
Биздин чоңдор бастырып кирген тажиктердин айдап чыгууга буйрук бергиле.соттоп эмне кыласыңар сразу атууга кетсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан