Биз социалдык тармакта

21 үй, 1 мектеп, 10 май куюучу жай жана башкалар... Баткенде кыйроого учураган объекттер

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактан бир катар турак үйлөр, имараттар кыйрады.
ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу маалымат:
Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үйлөр:
Кулунду айылында - 2 турак үй;
Максат айылында - 10 турак үй;
Жалпы: 12 турак үй
Социалдык объекттер:
- 1 мектеп
Баткен району боюнча :
- 9 турак үй;
- 10 май куюучу жай;
- 2 ресторан;
- 8 дүкөн;
- 1 кумаркана (РЕМИ);
- 1 чек ара заставасы.
Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланган. Коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.
Бүгүнкүгө карата Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Тургундарды эвакуациялоого 10 техникадан ашуун, 150дөн ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 "Тез жардам" автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылууда.
Баткен облусунун Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаары багытында, ал эми Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, анын ичинен 200 жаран туугандарыныкына жайгаштырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aibek_eka
2021-04-30 11:47:37
Эми границаны чечип забор куруп кайткыла
+11
Urmat78
2021-04-30 12:04:33
Aibek_eka,Анда Ташиевдин бензини отпой калатда.Жаппай калсын бизнеси токтоп калат
+3
Muslim_KGstana.
2021-04-30 11:50:16
Талкалап эле салыптыр го(((
+6
KGZ-RUS
2021-04-30 11:58:43
Кумарканасына бале барбы
+5
anash
2021-04-30 12:02:54
Тажиктер менен такыр жаап салгылачы чего араны ачылгыс кылып Рахман Кудайдын баарына каласын кан кой бербейт
+7
Asmat84
2021-04-30 13:25:24
Өтө өкүнүчтүү эмне ушунчалык алсыз мамлекетпизби дайыма эле чыр чыкканда же жер беребиз же кан беребиз эми кантип басып жүрөбүз жер үстүндө кайсы бетибиз менен кыйын болобуз. Жигитти намыс өлтүрөт дегендей тажиктерге каршы чыга албай тирүүлөй өлүк болуп үйдө олтурам. Ушул чыр башталгандан бери түнү күнү уйку жок кабыргам кайышып турат эмне кылайын эми барайын десем да болбойт жүрөгүм эзилип бүттү
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан