"Бөрү" кечээ Тажикстандын заставасын алган". Чек ара кагылышуусунан "Бөрү" атайын багытындагы отрядынын 3 аскери каза болду

Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда каза болгондордун үчөө аскер кызматкери. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.

"Акыркы маалыматтарга ылайык, чек ара кыгылышында 20 аскер кызматкерлери жаракат алса, тилекке каршы, 3 аскер кызматкери каза болду. Жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Маалым болгондой, каза болгон аскерлер УКМКнын "Бөрү" атайын багытындагы отряддын аскерлери кечээ Тажик тараптын аракеттерине жооп катары алардын бир заставасын алышкан.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетсе, 13 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан