Баткенде 9 миң 706 жаран эвакуацияланды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Самаркандек, Актатыр жана Кулунду айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эвакуациялоого министрликтен 10дон ашуун техника, 150дөн көп кызматкер, райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 60 спринтер тартылган.
Лейлек районунун 159 жараны Исфана шаарындагы жатак интернаттарга, ал эми 8 миң 647 жаран туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Баткен районунун 900 жараны Баткен шаарындагы мейманканаларга жана мектептерге эвакуацияланды.
Баткен облусу боюнча жалпы 9 миң 706 жаран эвакуацияланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан