Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал кыргыз тараптын кызыкчылыгындагы иш эмес" (видео)

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал кыргыз тараптын кызыкчылыгындагы иш эмес. Анткени Тажикстанда жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жыйыны өтүп жаткан маалда чыкканы Тажикстан үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Настоящее время” каналына билдиргенин "Азаттык" жазды.

“Кыргыз өлкөсүнүн жетекчилиги туруктуу болбой турган жагдайда УКМКнын жетекчиси Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен учурда өлкө аскердик аракеттерди баштоого кызыкдар болмок беле?

Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Азыр мендеги маалыматка караганда, тажик тарап оор техника менен миномёт, тик учактарды колдонгону айтылып жатат. Өтө ыкчам башталган аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду көзөмөлдөө үчүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн” - деп билдирген Дубнов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан