Чек ара чыры: Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун башчысы менен сүйлөштү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эки тарап тең бири-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Анда облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүшкөн.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-04-30 16:22:17
кайдагы жалган нерселерди суйлой берет экенсинер силер

лейлекте токтобой эле атышып жатышатко кудайдан корксонор болот беле
+5
Mashyrbek
2021-04-30 16:30:17
Лейлек районун Кулунд Арка Ак арык Булак башы айылдарда атышуу болуп жатат кебир айылдарында тажик аскердик техникалар журот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан