Баткенде чек арадагы кагылышууда курман болгондордун ичинде №2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да болгон. Бүгүн анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылына жөнөтүлдү.
Маркумдун Бексултан аттуу досу анын Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткандыгын, үйлөнө электигин SUPER.KG порталына билдирди.
"Кабарды бүгүн угуп аябай жаман болдук. Нурсултан менен бир класста чогуу окуп, бирге чоңойгонбуз. Мүнөзү ачык, шайыр эле. Өзү да күлүп, жанындагыларды дагы күлдүрүп жүрчү. Жогорку окуу жайды Бишкектен окуп бүткөн. Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү, үйлөнө элек болчу. Азыр сөөгүн жолдо алып келип жатышат. Биз үйүндөбүз, бул жактагылар угуп, боз үйүн тигип койдук", - дейт маркумдун досу.
Эске салсак, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан 13 адам көз жумган. Алардын 10ну жергиликтүү тургундар, үчөө аскер кызматкерлери болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурсултан Манасбек уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.